7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
18°C

Telegram каналдары аркылуу баңгизаттарды сатуу менен күрөш кандай жүрүп жатат?

337

ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын начальниги, милициянын полковниги Уланбек Султанов Telegram каналы аркылуу сатылып жаткан баңги каражаттары менен күрөшүү боюнча кандай иштер жүрүп жаткандыгы тууралуу айтып берди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

«Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ар бир аныкталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-изилдөө иштери өткөрүлөт жана атайын тергөө кызматтык иш-чаралар жүргүзүлөт.

«Биздин жумуштун өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу кээ бир маалыматтарды, жалпы маалымат каражаттарына ачыктоого мүнкүн эмес. Бөгөт коюу боюнча иш-чаралар, соттордун чечими аркылуу жана өз күчүбүз менен иш алып келебиз. Мисалы “Telegram” кызматынын администрация аркылуу бөгөт коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Мындан тышкары эл аралык тергөө өтүнүчтөрү дайыма жөнөтүлүп турганга байланыштуу, чет өлкөлөрдүн укук коргоо органдары менен болгон карым катнаштык иштер тыгыз жүргүзүлөт»,- деди Уланбек Султанов.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

338