7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абаддагы жол кырсык 3 адамдын өмүрүн алды

971

Жалал-Абад-Казарман унаа жолунда жол кырсыктан 3 адам каза болуп, бешөө жабыркады. Бул тууралуу облустук ЖКККБнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, кырсык 22-апрелде саат 10:30 чамасында катталган. Анда 35 жаштагы И.М. аттуу айдоочу Дэу Матиз унаасы менен Жалал-Абадды көздөй бара жатканда каршы тилкедеги ВАЗ-2107 (айдоочусу 32 жаштагы Р.Э.) унаасын сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен Дэу Матиз унаасынын 1987-жылы туулган К.Ж. аттуу жүргүнчүсү жеринде каза болуп, 1987-жылы туулган А.Р. ооруканадан көз жумган. Айдоочу менен дагы бир жүргүнчү жаракат алышкан. Ал эми ВАЗ-2107 унаасынын айдоочусу жана эки жүргүнчүсү жаракат алышса, дагы бир жүргүнчүсү 1969-жылы туулган Т.Н. каза болду.

Жабыркагандар Сузак районундагы Октябрь аймактык ооруканасына жеткирилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

972