7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кофе сүйүүчүлөр үчүн. Кофенин пайдасын жана зыянын билесизби?

1425

Кофе көп ичиле турган суусундуктардын бири. Анын бир канча түрлөрү бар. Кофе бир гана суусундук катары колдонбостон андан маскаларды да даярдаса болот.

Кофе тууралуу айта кетсек, анын дарагынын даны сергитүүчү, күчтөндүрүүчү азык экенин айтып келишет. Кофе чийки, куурулган жана майдаланып тартылгандан кийин пайдаланылат. Тарыхына кайрылсак, 12-кылымда биринчилерден болуп арабдар жасаган, кийинчерээк, Европага жайылып, андан соң абдан популярдуу азык болуп калган. Кофенин көптөгөн түрлөрү бар. Анын ичинен белгилүү болгон үч түрү тууралуу тааныштырабыз.

Арабика бул Индонезияда, Индияда жана Латын Америкада өстүрүлгөн кофенин эң кеңири таралган түрү. Ал бир аз кычкыл, таттуу даамы бар, өстүрүлгөн аймакка жараша мөмө-жемиштердин таттуулугун, цитрус өсүмдүктөрүнүн жытын, гүлдөрдүн жана жаңгактын жытын камтыйт.

Робуста кофе дарагынын бул түрү Африканын, Индиянын, Шри-Ланканын жана Индонезиянын тропикалык аймактарында өсөт. Ал арабикага караганда көбүрөөк кофеини бар, ачуу жыты жана даамы бар. Көбүнчө Robusta таза түрүндө эмес, кофе аралашмаларына кошулат.

Либерика кофелердин ичинен таасирдүүлүгү жагынан үчүнчү орунда турат. Мекени борбордук жана батыш Африка. Либерика даамы Арабика менен Робустадан таптакыр башкача. Либерика кофеси, өзгөчө жыты бар жана кара шоколаддын даамындай болгон белгилери менен өзгөчөлөнөт. Жыты жагымдуу болгону менен даамы ачуу. Көбүнчө башка сорттор менен аралаштырылып анан иштетилет.

Кофенин пайдалуу жактары:

  • Кан басымды көтөрөт
  • жалпы организмди бекемдейт
  • баш оорудан арылтат
  • маанайды көтөрөт
  • уйкуну ачат
  • өпкөнүн иштешин жакшыртат

Кофенин зыяндуу жактары:

  • Инсульттан кийин кофени такыр ичүүгө болбойт
  • Коюу кофе жүрөктүн согушун тездетип, энтигүүнү жаратат.
  • Кофени күндүн биринчи жарымында ичүү сунушталат, анткени уйкусуздукту чакырат.
  • Кофенин курамындагы заттар гастриттин жана ашказан жарасынын өнүгүшүн шарттайт.
  • Тишти саргайтат.
  • Жаш балдарга көп кофе ичүүгө болбойт, анткени алардын организмине терс таасирин тийгизет.
  • Кофе организмдеги В1 витаминин запасын бузат.

Кофени күнүнө 1-2 маал гана ичүүгө болот.

Кофе бир гана суусундук гана эмес, андан денеге ар түрдүү ылайыкталган скраб, маска жасаса болот.

  1. Кофе-бал скрабы. Бул скраб теринин бардык түрлөрү үчүн жарайт. Даярдоо үчүн 1 чай кашык бал менен 1 чай кашык талкаланган кофени аралаштырасыз.

2. Бет үчүн скраб. Даярдоо ыкмасы 1 чоң кашык талкаланган кофеге 1 чай кашык каймак кошуп жакшылап аралаштырасыз да бетке 15 мүнөткө койгондон соң, жылуу суу менен жуу зарыл. Бетиңиз жылмакай жана жумшак болуп калат. Бул аралашманы скраб катар колдонсоңуз болот.

3.Чач үчүн маска. Эгерде кара чачыңызды жалтыраткыңыз келсе анда, 2 жумуртканын сарысын, 1 чоң кашык арак, 2 чоң кашык жылуу суу, 1 чай кашык талкаланган кофе жана 1 чай кашык өсүмдүк майын кошуп, жакшылап аралаштырасыз. Аралашманы чачыңызга сүртүп, беш мүнөткө чейин эле коёсуз, андан соң жууп саласыз.

4. Дене үчүн кофе скрабы. 1-2 чоң кашык кофе боткосун 1 чоң кашык оливка майы менен аралаштырып, бул аралашманы бүт денеңизге жумшак, жай кыймыл менен сүртөсүз. Бир нече мүнөт сүрткөндөн кийин дагы 5 мүнөт коюңуз. Андан соң жылуу суу менен жууп саласыз. Мындай процедурадан кийин болуп көрбөгөндөй жеңилдик менен сергектикти сезесиз.

Кофе тууралуу кызыктуу фактылар:

  • Бир кофе дарагынан бир жылда жарым килограммга чейин куурулган кофе алынат.
  • Кофени дүйнөнүн 45 өлкөсүндө өстүрүшөт.
  • Түркияда кофе өзгөчө мааниге ээ болгон. (Үйлөнүү аземинде күйөөлөр жубайына өмүр бою кофе менен камсыз кылууга ант беришкен. Эгер убаданы аткарууга мүмкүн болбой калса, аял анын негизинде ажыраша алмак)
  • Кофе сатылышы боюнча дүйнөдө нефтиден кийинки эле экинчи орунда турган товар.
  • Кофе дагы эле кол менен жыйналат. Бир күндө бир адам жалпы салмагы 700 кг чейин 7 себет чогулта алат.
  • Эфиопия кофе дарагынын мекени болуп эсептелет.
  • Япония кофени ичүү боюнча үчүнчү өлкө. Өлкөдө 1-октябрь кофе майрамы болуп белгиленет.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1426