Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында баңгизаттарын сатуу менен алектенген «Telegram» каналындагы «KG_Svetofor» интернет-дүкөндүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр «Telegram» каналында «KG_Svetofor» интернет-дүкөнүн түзүп, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды сатуу менен алектенишкен.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 282-бөлүмүнүн 1-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча катталган.
28-апрелде И.Н. аттуу жаран, жана Россия Федерациясынын Л.И., жараны кармалып, тинтүү учурунда Л.И. өз ыктыяры менен көк скотчко салынган 5 даана, болжол менен “гашиш” баңгизаты алынган.
Мындан тышкары, 10 даана сары-жашыл жана көк электр лентасына оролгон заттар табылган жана Чүй облусунун аймагында мурда катып койгон жерлери көрсөтүлгөн.
Жашаган жери боюнча тинтүүнүн жүрүшүндө төмөнкү заттар табылган:
• «гашиш» баңгизаты, таза салмагы – 71 гр.;
• “гашиш” баңгизатын чегүү үчүн жасалган булбулятор;
• Компьютер жана ноутбук;
• 3 даана уюлдук телефондор.;
• Банк карталары
Белгилей кетсек, шектүү Л.И., «KG_Svetofor» интернет-дүкөнүнүн негиздөөчүсү жана ээси (администратору) болуп саналат.
Соттук-химиялык экспертизалар дайындалып, шектүүлөр Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.