7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эдил Байсалов «Маариф» билим берүү комплексинин иши менен таанышты

787

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкек шаарында «Маариф» түрк фонду тарабынан негизделген аты уйкаш билим берүү комплексинин иши менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, «Маариф» фондунун өкүлү Хусню Биржан окуу процессинин жүрүшүнө токтолуп, окуу класстарын, лабораторияларды, китепкананы, актовый залды жана кампустун башка бөлүктөрүн көрсөттү. Кампуста оюн бакчасы, спорттук жайлар, музыкалык бөлмө, этюд класстары жана конференц-зал бар. Жакынкы мезгилде бассейн, спорт зал, жасалма футбол аянтчасы, баскетбол жана волейбол аянтчалары пайдаланууга берилет.

«Маариф» билим берүү комплексинде окутуу жергиликтүү жана эл аралык программа боюнча жүргүзүлөт.

Хусню Биржан белгилегендей, учурда бул сыяктуу комплекстерди Ош шаарында, Баткен облусунда жана республиканын башка аймактарында куруу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Өз кезегинде Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов зарыл баалуулуктарды, адеп-ахлактык мамилелерди жана социалдык өз ара аракеттенүү көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн өсүп келе жаткан муундун сапаттуу билим алуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

«Заманбап билим берүүдө жеке активдүүлүктү жана окуучулардын индивидуалдык өзгөчөлүктөрүн колдоого багытталган түрдүү ыкмаларды колдонуу зарыл. Министрлер кабинети билим берүү тармагындагы кыргыз-түрк мамлекеттер аралык кызматташтыгын жогору баалайт жана ар дайым бул багытта мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жолдорун издейт», — деп билдирди Эдил Байсалов.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

788