Сузакта селден бир нече үйдү суулар каптап, бир үй урап түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, 4-май күнү саат 22:50 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулар Атабеков айыл аймагы Кара-Жыгач, Кызыл-Багыш, Түркабад айылдарында, Барпы айыл аймагы Жаңы-Айыл, Комсомол жана Миң-Өрүк айылдарында турак үйлөрдү каптаган.
Мындан сырткары Барпы айыл аймагын Б.Осмонов айылынын Муратали көчөсүндө 20 жана Авазбеков көчөсүндө 18 турак үйлөрдүн ичине сел суулар кирип, тургундар өз алдынча коопсуз жерге көчүрүлүп, Миң-Өрүк айылында 1 турак үй урап түшкөн.
Мындан сырткары Чангет-Сай дарыясынын денгээли көтөрүлүп Барпы айыл аймагынын Чокмор айылындагы турак үйлөрдү каптаган.
Учурда жеринде ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын, Сузак райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам топтору жана 77 куткаруучу, техникалардын 3 жүктөгүч, 1 самосвал, 1 грейдер, 1 манипулятор, 1 манипулятор, 2 трактор МТЗ-80 тартылып кырдаалды жоюу иш-чараларын жүргүзүшүүдө.
Мындан сырткары Миң-Өрүк айылынан 15 үй бүлөө жана Кара-Жыгач айылынан 20 үй бүлөө эвакуацияланган. Кошумча маалымат берилет.