7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Путин Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады

694

Россиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Ушул күнү биз фронтто фашисттик баскынчыларга каршы эрдик менен салгылашып, жалпы Жеңиш үчүн тылда жан аябастан эмгектенген аталарыбыз менен чоң аталарыбыздын эрдиктерин чексиз ыраазычылык жана сыймыктануу менен эскеребиз.

Согуштун оор жылдарында чыңдалган достуктун жана өз ара жардамдашуунун салттары мындан ары да союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда орус-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө кызмат кыла берерине ишенем», — деп айтылат Россия президентинин куттуктоосунда.

Владимир Путин Кыргызстанда жашаган бардык ардагерлерге жана тыл эмгекчилерине чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорун жана ыраазычылык сөздөрүн айтып, аларга чың ден соолук, бакубатчылык жана узун өмүр каалады.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

695