Бүгүн Улуу жеңиш майрамынын алкагында Сузак районунда орнотулган Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин эстелигине гүл коюлуп, куран окулду.
Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район акими Баратбек Сыдыкназаров, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, мекеме-ишкана жамааттары жана тургундар катышты.
Облус өкүлү жалпы катышуучуларды жеңиш майрамы менен куттуктап, ата-бабалардын согуштагы курмандыгы, мекен үчүн жан аябаган эрдиктерин белгилеп өттү.
Тукубай Тайгараев 1923-жылы Сузак районундагы Кедей-Арык айылында туулган. Ал 1942-жылы Кызыл армиянын катарына чакырылып, 19 жашында согуш майданына аттанган. Андан кийин 375-аткычтар дивизиясын жетектеп, 1944-жылы Латвиядагы фашисттер менен болгон кармашта көз жумган.
Белгилей кетсек, Тукубай Тайгараевке 1945-жылы Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. Облус боюнча бул наам 7 согуш каарманына берилген.