Эртең, 11-майда кээ бир райондордо жаан катуу жаап, бийик тоолордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.
Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарында маал-маалы менен жаан жаайт.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 18…22;
- Талас жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 19…24;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 14…19, күндүз 22…27;
- Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 6…12, күндүз 17…22;
- Бийик тоолордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15 градус.
- Бишкекте түнкүсүн 15…17, күндүз 20…22 градус болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.