7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Эл үмүтү” аттуу эл аралык стипендиялардын жаңы программасын ачуу боюнча жарлыкка кол коюлду

492

Президент Садыр Жапаров өзүнүн соцтармактагы баракчасына “Эл үмүтү” аттуу эл аралык стипендиялардын жаңы программасын ачуу боюнча жарлыкка кол койгондугун билдирди.

«Кымбаттуу уландар жана кыздар!

Өлкөбүз билим берүү менен илимдин эң жогорку дүйнөлүк стандарттарына умтулуп жаткан кези. Муну мен биринчилерден болуп жан дилим менен колдоп, бул максатта “Эл үмүтү” аттуу эл аралык стипендиялардын жаңы программасын ачуу боюнча Жарлыкка кол койдум.

Программада дүйнөнүн алдыңкы 100 университетинин биринин магистратурасы менен докторантурасына өткөн жаштарыбыз үчүн атайын стипендиялар каралды. Стипендияны быйылтадан тартып бере баштабайбыз, азырынча 50 стипендияны бөлүштүрүп туралы деп чечтик. Стипендиянын көлөмү тандап алган университетке жараша болот. Бирок эң жогорку суммасы 50 миң АКШ долларынан ашпоого тийиш. Экономика жана гуманитардык адистиктер боюнча да тапшырсаңыздар болот, бирок, албетте, артыкчылык көбүрөөк техникалык жана инженердик багыттарга берилет.

Илимдин доктору даражасы наамын алууга өзүнчө 10 стипендия бөлүнөт. Биз жаш окумуштуу-окутуучуларыбызды өзгөчө колдоого алалы деп жатабыз. Анткени алар студенттердин улам кийинки муунуна өз билимдери менен бөлүшүп турушат.

Президенттик стипендиянын жаңы программасынан сырткары, менин тапшырмам боюнча, азыркы учурда өкмөт дүйнөнүн алдыңкы университеттери менен эки тараптуу максаттуу келишимдерди иштеп чыгууга киришти. Ал окуу жайларга да биздин студенттер жөнөтүлөт.

Адам ресурстарына инвестиция жасоо – биздин ийгиликтерибиздин башкы ачкычы. Мен бул сөзүмдү кайталагандан эч тажабайм. Жаштар – элдин үмүтү жана ишеничи. Биздин жаштар эң негизги ресурсубуз жана бөксөргүс байлыгыбыз деп билем»,- деп жазган президент.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

493