7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматынын мурдагы башчысына иш козголду

972

Баткен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун мурдагы башчысынын кызматтык жасалмачылык фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тергөө бөлүмүнө мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери тарабынан жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча ыкчам материал келип түшкөн.

2007-жылдын 22-декабрында Баткен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун мурдагы башчысы С.С. КРнын Б.А. аттуу жаранынын наамына Баткен шаарынын аэропортунун кварталынын Туура-Таш массивинин аймагынан 1,50 га жер тилкесин берүү жөнүндө токтом чыгарган.

Ошону менен бирге, 2019-жылдын 16-августунда жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун негизинде Баткен районунун жергиликтүү каттоо органы тарабынан Б.А.нын наамына Ч сериясындагы айыл чарба багытындагы жер тилкелнин мамлекеттик актысы түзүлүп берилген.

Баткен облустук мамлекеттик архивинин жообуна ылайык, жогоруда аталган токтом сактоого берилген эмес, КРнын Өкмөтүнө караштуу «Кыргызмамжердолбоорлоо» жер жайгаштыруу мамлекеттик долбоорло институту» мамлекеттик ишканасынын Баткен боюнча жер жайгаштыруу экспедициясынын жообуна ылайык бул жер 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жайыт жана башка категориялар катары саналып келет.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 1-бөлүмүндө (Кызматтык жасалмачылык) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголду.

Азыркы учурда тергөө иш-чаралары жүрүүдө, анын жыйынтыгында юридикалык баа берилет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

973