Жалал-Абад облусунун Терек-Сай айыл өкмөтүндө сел жүрүп, 1 турак үйдүн ичине суу кирген. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 10-май күнү саат 14:20 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен улам коктуу колотон чогулган суудан сел жүрүп Терек-Сай айыл өкмөтүнүн 1 турак үйдүн ичине сел суу кирген, андан сырткары 6 турак үйдүн короосуна шагыл-таштар үйүлгөн. Ал эми 1 ички чарбалык көпүрө жараксыз абалга келген.
ӨКМнен 9 кызматкер, Терек-Сай айыл өкмөтүнөн 1 жүктөгүч, ЖЧК “Эти Бакыр” фирмасынан 1 экскаватор, жергиликтүү тургундардан 10 киши тартылып, техниканын жардамында селдин кесепетин жоюу иштери жүргөн.