7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эрбол Султанбаев: Урматтуу депутаттар, коңшу мамлекеттерге карата сын-пикир айтуудан этият болуңуздар…

840

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев фейзбуктагы баракчасы аркылуу депутаттарды коңшу мамлекеттерге эл аралык мамилелер боюнча сын-пикир айтаарда этият болууга чакырды.

«Урматтуу депутаттар!

Коңшу мамлекеттерге жана эл аралык мамилелер боюнча сын-пикир айтаарда этият болсонуздар, сураныч!

Депутат — бул саясий кызмат. Ар бир айткан сөзүңүздөргө эл аралык майданда маани берилет жана ага карата реакция да болушу мүмкүн.

Кудайга шугур, бүгүнкү күндө бардык мамлекеттер, анын ичинде коңшулар менен дагы жакшынакай кызматташып келүүдөбүз. Албетте, айрым жагдайлар бар, бирок негизинен жаман эмес. Бардык көйгөйлөрдү эки тараптуу кызыкчылыктарды эске алып, сүйлөшүү жолу менен чечип жатабыз»,- деп жазган Султанбаев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

841