7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чүйдө талаадан 9 жыл мурун өлтүрүлгөн эки адамдын сөөктөрүнүн калдыктары табылды (ФОТО)

3065

Чүй ОИИБнын кызматкерлери 9 жыл мурун эки адамды өлтүрүүгө шектүүлөрдү аныкташты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Тактап айтканда окуя 2013-жылы болгон.

Алсак, 2013-жылдын октябрь айында Токмок шаарынын ички иштер органдарына 1989-жылы туулган Кунбасов Н. жана, 1988-жылы туулган Т.Ишеновду табууга көмөк көрсөтүү үчүн эки жаран кайрылган, алар 2013-жылдын 22-октябрында үйүнөн чыгып, кайтып келишкен эмес.

Бул факт Токмок шаарынын Ички иштер бөлүмүндө катталып, кийин Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинде (адам уурдоо) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, издөө иши башталган.

Милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон адамдардын турган жерин аныктоо максатында бир катар тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, мамлекеттик чек арадан өтүү фактысын аныктоо максатында тиешелүү суроо-талаптар жөнөтүлүп, жоголгонго чейин байланышта болгон бир катар адамдар суралган.

2022-жылдын 3-майында Ысык-Ата РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Ак-Кудук айыл өкмөтүндө жайгашкан талаалардын биринен адам калдыктарын табуу фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн.

Алынган маалымат боюнча тергөө-ыкчам топ жөнөтүлүп, бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, зарыл болгон бардык экспертизалар дайындалган.

Андан соң дайынсыз жоголгон Н. Кунбасовдун жана Т.Ишеновдун туугандары аталган сөөктөрдү жана сакталган кийимдерди аныктап, тастыкташкан.
Аталган кылмышка шектүү катары 1985-жылы туулган Х.Ш. жана 1964-жылы туулган Х.Ж., аттуу жарандар кармалып, Ысык-Ата РИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөөнүн алдын-ала версиясы боюнча, кылмыш толугу менен маркумдар менен шектүүлөрдүн уулдарынын ортосундагы келишпестик чыгып, мушташуу болуп, анда шектүүлөр таш менен урушкан. Кылмыш жасагандан кийин кылмышты жашыруу максатында шектүүлөр аталган эркектердин өлүктөрүн алып чыгып, Ысык-Ата районунун аймагына көмүп салышкан.

Мындан тышкары, 2014-жылы тергөө иш-чараларын жүрүшүндө аталган шектүүлөр суракка алынган, бирок шектүүлөр, анда жалган көрсөтмө беришкен, тактап айтканда, алардын ортосундагы чыр-чатак алар тынчтык жолу менен чечишти жана алардын жок болушуна эч кандай тиешеси жок деп көрсөтмөсүндө айтышкан.

Эскерте кетсек, ИИМдин жетекчиси бул резонанстык кылмыштын бетин ачуунун жүрүшүн жеке көзөмөлдөп турган.

Азыркы учурда иштин материалдары боюнча бир катар тергөө жана ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3066