Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов «Достук» чек арасында акча бергендерге өзүнчө, бербегендерге өзүнчө пост бар экенин билдирди.
«Ош шаарындагы «Достук» чек арасынан Өзбекстанга өткөн элдер абдан кыйналып жатыптыр. Анткени, экиге бөлүнүп калыптыр. Акча берип өткөндөргө өзүнчө пост бар экен, акча бербегендерге өзүнчө пост бар экен. Бул эмне деген мамиле?»,- деди Осмонов.