Жалал-Абад район аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери тарабынан шаардагы соода түйүндөрдө мөөнөтү өтүп кеткен жана тез бузулуучу азыктар текшерилди. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Анда айрым супермаркеттерден мөөнөтү өткөн азык- түлүктөр аныкталып, эскертүүлөр берилди. Эскертүү бергилген соода жайларында кайрадан мындай учур аныкталса, 7500 сом өлчөмүндө айып пул салынат.
Эске салсак , өткөн аптада Ош шаарында тез бузулуучу азыктардан массалык уулануу фактысы катталган. Мындан тийиштүү кызматтар жер-жерлерде текшерүүлөрдү өткөрүп жатат.
Жалал-Абад шаарында жыл башынан бери мындай учур каттала элек.