7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта бир нече айылдарында сел жүрүп, жалпы 907 турак үйгө суу кирген

632

Сузактагы турак үйлөрдү селден тазалоо иштери аяктап калды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын өкүлчүлүгүн басма сөз кызматы билдирди.

Ушул жылдын 4-майында жааган жамгырдын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Сузак районунун бир нече айылдарында сел жүрүп, жалпы 907 турак үйгө суу кирген. Кырсык катталган күндөн тарта үзгүлтүксүз тазалоо аракеттери көрүлүп жатат. Бүгүн, 11-майга карата калган 15 турак үйдүн короо жайларын тазалоо жумуштарын бүткөрүү пландалган.

Анын алкагында айлана-чөйрөнү залалсыздандыруу аракеттери да көрүлүүдө. Абалды Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев көзөмөлгө алып, күн сайын селден жабыркаган айылдарды калыбына келтирүү боюнча штабдын жыйынын өткөрүп, тийиштүү тапшырмаларды берүүдө.

Табият кырсыгында сел жалпы 907 турак үйдү каптап, андан 491 үйдүн ичине чейин суу кирген. Түзүлгөн комиссия 10-майга карата 23 үйдү жараксыз деп тапкан. Ага кошо дагы 20 үйдү көзөмөлгө койгон. Алар боюнча да 15-20 күндүн ичинде чечим чыгарылып, учурда тактоо иштери уланууда.

Селдин кесепеттерин жоюда бүгүнкү күндө министрликтин, жарандык коргоо кызматтарынын куткаруучулары жана жергиликтүү жашоочулардан турган 2000ден ашуун адам тартылган. Мындан сырткары калыбына келтирүү жумуштарына ӨКМге, облустук жана райондук мекеме-ишканаларга жана жеке фирмаларга таандык болгон 80ге жакын техника, 19 мотопомпа иштөөдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

633