7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрага Талант Мамытовдун Түркмөнстандагы иш сапары башталды (ФОТО)

798

Бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Түркмөнстандагы иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын жана Борбор Азия мамлекеттеринин парламент жетекчилери менен бирге Ашхабад шаарындагы Конституция монументине гүлчамбар койду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Талант Мамытов баштаган Жогорку Кеңештин делегациясы Борбор Азия мамлекеттери менен Россия Федерациясынын парламенттер аралык алгачкы форумуна катышуу үчүн Түркмөнстандын борбор калаасы Ашхабад шаарына барган.

Иш сапардын алкагында бир катар сүйлөшүүлөр мерчемделип, анын ичинен Талант Мамытов Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Милли Генгешинин Халк Маслахатынын төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов жана Межлис төрайымы Гүлшат Маммедова менен жолугушары күтүлүүдө.

 

 

 

Ал эми делегациянын курамында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Джамиля Исаева, депутаттар Миргүл Темирбаева, Алишер Козуев жана Максатбек Сарбагышев бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

799