7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта өгөй атасы 14 жаштагы кызын көп жылдан бери зордуктап келген

850

Сокулукта көп жылдан бери 14 жаштагы өгөй кызын зордуктап жүргөн ата кармалды. Бул тууралуу 7-каналга Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 6-майында Сокулук РИИБине 1971-жылы туулган М.Ч. кайрылган. Кайрылууда анын жашы жетелек жээни өгөй атасы тарабынан көп жылдан бери зордукталып жүргөнү айтылган. 

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин «зордуктоо» негизинде катталган.

«Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, 1987-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалып, сурак учурунда ал күнөөсүн моюнуна алып, жыныстык катнашка кыздын өзүнүн макулдугу менен болгонун түшүндүргөн. Кыздын апасы кызын май майрамдарында тууганынын үйүнө калтырып кеткен. Ошондо кыз эжесине окуянын баарын айтып берген. Кийинчерээк бул кылмышка шектүү катары аталган жаран милиция кызматкерлери тарабынан Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген», — деп берилет билдирүүдө.

Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Бардык жагдайлар милиция кызматкерлери тарабынан иликтенип жатат. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

851