Сокулукта көп жылдан бери 14 жаштагы өгөй кызын зордуктап жүргөн ата кармалды. Бул тууралуу 7-каналга Чүй ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 6-майында Сокулук РИИБине 1971-жылы туулган М.Ч. кайрылган. Кайрылууда анын жашы жетелек жээни өгөй атасы тарабынан көп жылдан бери зордукталып жүргөнү айтылган.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин «зордуктоо» негизинде катталган.
«Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, 1987-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалып, сурак учурунда ал күнөөсүн моюнуна алып, жыныстык катнашка кыздын өзүнүн макулдугу менен болгонун түшүндүргөн. Кыздын апасы кызын май майрамдарында тууганынын үйүнө калтырып кеткен. Ошондо кыз эжесине окуянын баарын айтып берген. Кийинчерээк бул кылмышка шектүү катары аталган жаран милиция кызматкерлери тарабынан Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген», — деп берилет билдирүүдө.
Учурда бардык керектүү экспертизалар дайындалды. Бардык жагдайлар милиция кызматкерлери тарабынан иликтенип жатат. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.