7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 7 облустан келген энелер жөө жүрүшкө чыгышты

654

Энелер күнүнө арналган майрамдын урматына карата борбор калаада өлкөнүн 7 облусунан келген энелердин жөө жүрүшү өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, катышуучулар «Россия» кинотеатрынан баштап  Горький сейил багына чейин басышты, сейил бакта концерттик программа, мастер-класстар жана энелер жасаган улуттук буюмдардын жарманкеси уюштурулду.

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров да куттуктоо сөз сүйлөп, чың ден соолук, бакубат жашоо каалады.

Бул иш-чара «Кыргызстан пенсионерлер партиясынын» демилгеси менен Биринчи май муниципалдык администрациясынын, Бишкек шаарынын мэриясынын маданият, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча башкармалыгынын, «Бишкекжарык» жана «Тазалык» МИнин  колдоосунда уюштурулду.

Эске салсак, 2012-жылы Кыргызстанда Энелер күнү белгиленип, ал жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. Быйыл майрам 15-майга туш келди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

655