Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын экс-жетекчиси Ы.Т.К. пара алуусу боюнча кылмышка шектелүүдө.
Буга чейин, 2016-жылы Башкармалыктын мурдагы жетекчиси Ы.Т.К. чет элдик ишкер С.С.дан эшектерди Кыргызстандан Кытайга алып чыгууга уруксат берүү маселесин чечип берерин убада кылып, 70 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алган. Ошол эле учурда С.С. аттуу ишкерге уруксат документтерин көрсөтүшкөн эмес жана акчасын кайра кайтарып берген эмес.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу) боюнча кылмыштардын негизинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.
Ушул жылдын 14-майында УКМК тарабынан каражаттардын бир бөлүгүн С.С. аттуу ишкерге кайтарып берүү учурунда пара менен Ы.Т.К. кармалган.
Маалым болгондой, кармалган шектүү азыркы учурда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Кожошевдин кеңешчиси экендиги аныкталды.
Учурда бул кылмышты жасоого катыштыгы бар адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.