Караколдо аялын аёосуз сабаган шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 14-майда Каракол ШИИБге аймактык ооруканадан 38 жаштагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген аял денесинен жаракат алып кайрылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Ыкчам иликтөөнүн алкагында, аял күйөөсү тарабынан сабалганы аныкталган.
Бул факт боюнча Каракол милициясында Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренесинин (Үй-бүлөлүк зомбулук) негизинде сотко чейинки териштирүү башталып, аялды 29 жаштагы күйөөсү кызганычтан улам сабаганы маалым болгон. Кийин 138-берене (Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Келинге коргоо ордери берилген.
Учурда, козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.