7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Караколдо мыйзамсыз кыйылган Тянь-Шань карагайы аныкталды

724

Каракол шаарындагы пилорамадан мыйзамсыз кыйылган 3 куб метр Тянь-Шань карагайы аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда , 18-майда Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлерине, Каракол шаарындагы пилорамалардын биринде мыйзамсыз кыйылган Тянь-Шань карагайлары тактайга кесилип жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Түшкөн маалымат боюнча, аталган кызматтын кызматкерлери, айтылып жаткан пилораманын ордун аныктоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзө башташат. Көп узабай, милиция кызматкерлери «Садус» пилорамасында мыйзамсыз кыйылган карагайлар тактайларга араланып жаткандыгын аныктоого үлгүрүшөт.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, Түп районунун Корумду айылынын 36 жаштагы тургуну Ж.Н., тиешелүү уруксаат документтери жок тянь-шань карагайларын өткөн түнү пилорамга алып келип, анын жумушчуларына, документтерди кийинчерээк көрсөтөрүн айтып, кыйылган карагайларды тактай кылып аралаткан. Каракол токой чарбасынан чакырылган адистер кесилген тактайлардын көлөмү 3 куб метрди түзөрүн аныкташкан.

Аталган факты Каракол ШИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн топтолгон материалдар шаардык милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

725