Ак-Суу районунан эки мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ак-Суу районунун сырт өрөөнүндөгү “Эчкили-Таш” жайкы конушун текшерүү учурунда, аталган аймакта убактылуу жайгашкан, ушул эле районуна караштуу Чолпон айылынын 1982-жылы туулган А.К. атуу жарандын боз үйүнөн бир даана 28-калибрдеги бир оозду сайсыз ок атуучу курал табылып, далил зат катары алынган.
Ошондой эле, Ак-Суу районунун тоо өрөнүндөгү “Миң-Тур” жайкы конушунда убактылуу жайгашкан, Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын 40 жаштагы И.Ш. атуу жарандын боз үйүнөн 1 даана 16 калибрдеги бир оозду ок атуучу курал табылган.
Текшерүү жүргүзгөндө, алынган ок атуучу куралдардын тийиштүү уруксат кагаздары жок болгон.
Аталган фактылар Ак-Суу РИИБдин маалымат электорондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.