7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шайлообек Атазов: 240тан ашык мектеп авариялык абалда

724

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов бүгүн, 18 -майда «Парламент» радиосуна курган маегинде мектеп окуучуларынын жайкы каникулдарын уюштуруу, жогорку окуу жайларына кабыл алуунун тартиби, улуттук оюндардын мектеп программасындагы орду тууралуу ой бөлүштү.

«Алдыдагы аптага өкмөттүк күн  белгиленип, анын алкагында билим берүү тармагынын абалы, жаңы реформалык кадамдар тууралуу толук маалымат алынат, — деп белгиледи депутат.

«Ошондой эле 240тан ашык мектеп өлкө боюнча авариялык абалда, аларды оңдоп – түзөөгө болбойт. Анткени, дээрлик жарактан чыгып калган. Бирок, ага карабай андай мектептерде окуу процесстери токтогон жок. Бул опурталдуу көрүнүш. Андыктан, коопсуздукту камсыздоодо алдын алуу чаралары күчөтүлүшү керек. Өлкө башчысы койгон талапка жараша, быйылкы жылы Бишкек шаарында 15   мектеп курулушу керек. Ал эми сентябрь айына саналуу эле убакыт калды. Тапшырма кандай орундалат, анын жоопкерчилигин ким тартат бардыгы Министрлер кабинетинин маалыматы угула турган күнү суралат», — деди Атазов.    

«Андан сырткары адамдын ден соолугун чыңдоого, акыл зиректигин күчөтүүгө арналган сабактар окутулса жаш муундарыбыздын келечеги үчүн чоң колдоо болмокчу», — деп кошумчалады парламентарий.

“Жогорку окуу жайларына каралган бюджеттик орундар татыктуу таланттуу балдарыбыздын билим насиби болуп жатабы, же жылуу орундардын жең ичинен жиги табылбай калуудабы? Бул адилеттикти талап кылган маселе. Андыктан, бул жагдай боюнча да Билим берүү министрлигинен жооп күтөбүз”, — деди депутат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

725