7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Быйыл акыркы коңгуроо 9-июнда өткөрүлөт

684

2021-2022-окуу жылы Кыргыз Республикасынын бардык жалпы билим берүү уюмдарында ушул жылдын 8-июнунда аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, “Акыркы коңгуроого” арналган салтанаттуу иш-чара мектептерде 9-июнда саат 9:00дө өткөрүлөт.

Билим берүү жана илим министрлиги окуу жылынын аяктап жаткандыгына байланыштуу республикадагы бардык райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, усулдук билим берүү борболорунун жетекчилери менен 17-майда онлайн жолугушуу өткөрүп, анда мектептерде “Акыркы коңгуроо” салтанаттуу иш-чарасын коопсуздуктун талаптарына ылайык уюштуруу жана өткөрүү боюнча маселелер каралды.

Ошондой эле, бул иш-чараны мектепте жана мектептин аймагында уюштуруу жана өткөрүү учурунда жалпы билим берүү уюмдарынын директорлоруна окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугун сактоо жана аны камсыз кылуу боюнча атайын иш-чара кабыл алып, ата-энелердин арасында салтанаттуу иш-чарадан кийин балдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн алардын жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча тапшырмалар берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

685