7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кочкордо КамАЗ менен жеңил унаа кагышып, 4 адам каза болду

806

Кочкордо «КамАЗ» менен «Audi 100» унаасы кагышып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 125-чакырымында (Теңдик айылы) КамАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен Audi 100 үлгүсүндөгү унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Анын кесепетинен 1999-жылы туулган (эркек), 1950-жылы туулган (аял), 2009-жылы жана 2017-жылы туулган эки кыз каза болуп, 1999-2006-жылы туулган эки бала жабыркаган.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, адамдардын жансыз денелерин унаадан чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Ал эми жабыркагандар “Тез жардам” кызматы аркылуу Кочкор райондук ооруканасына жеткирилген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

807