Кечээ, 18-майдагы Жогорку кеңештин жыйынында жашы жете элек балдарга сексуалдык зомбулук жасагандарга жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбоору каралып, анда депутат Дастан Бекешев педофилдерди химиялык жол менен бычып салууну сунуштады.
«Жашы жетек элек кыздарды зордуктагандарды химиялык жол менен бычып салышыбыз керек. Казакстан ушундай мыйзам киргизди, биз дагы кабыл алсак туура эле болмок. Кээ бири түрмөдөн эмес, бычылып калуудан коркот», — деген депутат Бекешев.