Ошто тамак-аш калдыктарын салуучу үкөктөр (контейнерлер) коюлууда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Ош шаарындагы «Курманжан-Датка», «Манас-Ата», «Сулайман-Тоо» жана «Керме-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыктардын аймагындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары үчүн пилоттук негизде тамак-аш калдыктарын салуучу атайын үкөктөр (контейнерлер) коюлууда.
Белгилей кетсек, бул үкөктөр жеке ишкерлер тарабынан жасалып берилди.