7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дайынсыз жоголгон 17 жаштагы Зарина Бишкектен табылды

773

Дайынсыз жоголгон жашы жете элек кыз Бишкектен табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, буга чейин Ош облусунун Алай районунун ички иштер бөлүмүнө 2005-жылы туулган Авазбек кызы Заринаны жоголгондугу тууралуу арыз келип түшкөн. Анда ата-энеси кызы ушул жылдын 29-апрелинде күндүз үйүнөн чыгып кеткенден бойдон эч кандай кабар жок экенин билдиришкен.

Бул факт Алай РИИБде катталып, издөө иш-чараларынын негизинде жашы жете элек өспүрүм Бишкек шаарынын аймагында болушу мүмкүн деген божомол болгон.

Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагынан дайынсыз жоголгон 2005-жылы туулган Авазбек кызы Заринанын жүргөн жерин аныкташып, кызды ата-энесине өткөрүп беришкен.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

774