7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Үрөй учурган жол кырсык. ӨКМдин оор жүк ташуучу унаасынын тормозу иштебей калган

727

Үрөй учурган жол кырсыгы боюнча кошумча билдирүү.

Бүгүн, Айдаркен шаарчасынын Чечме айылында ири жол кырсыгы катталган. Анда «Shacman» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын тормоздук системасы иштебей калып аталган  жол кырсыгы болгондугун ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын Чечме айылындагы өткөрмө постунда оор жүк ташуучу Shacman үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын тормоздук системасы иштебей калгандыктан “Чечме-автожол” өткөрүү жайында жыйналып турган жарандарды жана токтоп турган унааларды сүзүп өтүп кеткен.

Жол кырсыгынын кесепетинен 8 адам, анын ичинен ӨКМдин 2 кызматкери каза болгон жана 7 адам жаракат алган.

Бул факт Кадамжай РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына катталып, азыркы күндө териштирүү иштери жүрүп жатат.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

728