7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз кызы Кореяда депутат болуп шайланды

536

Түштүк Кореяда жергиликтүү органдарынын, облустук жана шаардык депутаттарынын шайлоосу болуп, анда биздин мекендешибиз Айсулуу Аширалиева депутат болуп шайланды. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси Аида Исмаилова социалдык баракчасына жазып чыкты.

«Кечээ, 1-июнь күнү Түштүк Кореяда жергиликтүү органдарынын, облустук жана шаардык депутаттарынын шайлоосу болуп өттү. Көп адамды жеңип, чет өлкөдө, биздин кыргыз кызыбыз Айсулуу Аширалиева Сеул шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттык кызматына шайланышы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Айсулуу айым дайыма элчиликке көмөктөшүп, биз жүргүзгөн иш-чараларга өз салымын кошуп, мыкты мекенчил мекендештерибиздин бири», — деп жазды элчи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

537