7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көк тал чыбык минип өткөн жаштыгым, Дарак болуп, канат бутак жайыптыр…

824

Улуулардын акындык өнөр көчүн улап келе жаткандардын катарында Каримжан Жолдошов да бар. Ал 1964- жылы Өзгөн районунун Жалпак — Таш айыл өкмөтүнө караштуу Кенжебай айылында туулган. Катылып жаткан таланты 50 жашында ачылып, ыр дүйнөсүнө кеч аралашса да “Ырды аздектеген өмур” аттуу китеби жарык көргөн. Учурда калем сабын колдон түшүрбөй ак барака ырларын түшуруп келет. Бир уул ,бир кыздын атасы.

Төмөндө акындын калемине таандык ыр саптардын топтому:

Балалык

Тоо боорунда томолонуп ойногон,
Ошол күндөр эске келет ойлосоң.
Эселек кез ойноп жүргөн балалык,
Кандай сонун бакыт тура эстерлик.

Балалык чак баёо мезгил убагы,
Бал уйкудай таттуу тура курагы.
Эртели кеч кубалашып ойногон,
Ошол мезгил жаштык курак эсте калат сыягы.

Жаш да өттү жаштык менен коштошо,
Жүргөн күндөр эске түшөт окшошо.
Жаштык өзү бакыт тура баарынан,
Балалык чак кайтып келбес кайрыла.

Кош айтасың коштошкончо кол булгап,
Кайра келбес жаштык убак кылчайып.
Картаюга кадам таштап калдык бейм,
Кош бол жаштык, кандай сонун чак эле.

Ата — Эне

Ата — эне ыйык болот балага,
А ата — эне өзүн чабат садага.
Мээрим төгүп, чаң жугузбай кастарлап,
Түйшүк тарткан түнүн эсте дайыма.

Адам улук, адам ыйык табылгыс,
Ошолордун эң кымбаты — ата — эне.
Жыргалынан азабы көп жашоодо,
Ата — энеге тең келе албас эч нерсе.

Алдей айткан, үнү коңур жаңырган,
Термелгенбиз бешигинде эненин.
Уулум деген ата үнү жоктолуп,
Мен аларды издеп дайым келемин.

Баарыбызда болсо керек туюм бир,
Ата — эненин асылдыгын баалайлы.
Биз аларды даңктап бийик көтөрсөк,
Жаратканым берер бизге таалайды.

 

 

Күлгүн курак

Күлгүн курак, бүчүр ачкан гүл бурап,
Атыр жыты жашайт дале сезимде.
Чыбык атты санга чаап жүгүрүп,
Жүргөн мезгил өчпөй келет сезимде.

Сезимдерде болбойт тура жаш кездей,
Билинбеген мезгил артта калыптыр.
Көк тал чыбык минип өткөн жаштыгым,
Дарак болуп, канат бутак жайыптыр.

Кубалашып жар чаңыта ойногон,
Жаштык кездин билинбеген убагы.
Кырдан туруп, кыр жаңыртып чакырсам,
Так секирип келер бекен улагы.

Кандай сонун, балалыктын күндөрү,
Өттү өмүр билинбестен зымырап.
Өкүттөмүн кайтара албай күндөрдү,
Баралбасым билсем денем жыйрылат.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

825