Украинанын чыгышындагы салгылашууларда күн сайын 60-100 украин аскерлери каза болуп, 500гө чукул адам жаракат алып жатат. Анын айтымында, эң оор кырдаал Украинанын чыгышында айрыкча Свердонецкте жана Лисичанскада деп Владимир Зеленский Newsmax маегинде маалымдаган.
“Украинанын чыгышындагы кырдаал өтө татаал. Биз күн сайын 60тан 100гө чейин аскерлерди жоготуп, 500гө жакын адам жаракат алып алууда. Бул учурда биз коргонуу аракетин көрүп жатабыз”, — дейт Зеленский.
Апрелдин ортосунда Зеленский америкалык канал CNNге берген маегинде согуш башталгандан бери 2500дөн 3000ге жакын аскер каза болгонун билдирген. Президенттин маалыматы боюнча, дагы 10миңге жакын аскер ар кандай денгээлдеги жаракат алган.
Владимир Зеленский согуш башталгандан бери канча украин жараны каза болгонун так билбээрин белгиледи. Анткени аймактын бир бөлүгү оккупация жана урандылардын алстында болушу мүмкүн.