7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
35°C

Ысык-Көлдө сууга агып кеткен адамдын сөөгү табылды

137

 Ысык-Көл облусунун Совет айылынын 40 жаштагы А.И., аттуу тургуну ат менен Ууру-Төр жайлоосуна мал караганы кеткен бойдон дайынсыз болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 1-июнда аталган жарандын минип кеткен аты Зындан айылынан тирүү табылып, бирок өзү дайынсыз болгон.

“Бүгүн, 2-июнда издөө иштерин жүргүзүү үчүн таңкы саат 04:50дө жети куткаруучу тартылган. Издөөнүн натыйжасында Совет жана Зындан айылдарынын ортосунан агып өткөн суудан анын сөөгү табылып, куткаруучулар туугандарына өткөрүп беришкен”, — деп айтылат маалыматта.

Ал Жыргалаң суусунун агымы шар жерден аты менен өтүп жатып, аттан жыгылып сууга акканы анын өлүмүнө себеп болгон.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

138