7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Майда, бирок маанилүү

602

«Мына ушундай оңдоп-түзөө иштерди дем алыш күндөрү же түнкүсүн жүргүзсө болбойбу? Сөзсүз иш күндөрү эртең менен кылыш керекпи? Күн ысыкта айдоочуларды жол тыгынга кептеп, одоно кыйноонун зарылдыгы барбы?», деген билдирүү менен бизге шаар тургуну кайрылган. Анткени, Байтик баатыр жана  Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жөө адам өтүүчү өтмөктөрдү сырдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Анын айынынан жол тыгыны жаралып, шаардыктарга ыңгайсыздык жаратып жатканын айтууда.

«Мэриянын  иштеп жатканын башкача форматта көрсөтүүнүн жолу жокпу? Борбор калаада жол тыгынын жоёбуз деген «жолун болгурлардын»  жоругун түшүнүш кыйын болуп жатат. Мындай көрүнүш бүгүн эле болуп жаткан жок. Демек, ар дайым ушундай жөнөкөй көрүнүштөр менен шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратуунун канчалык кереги бар?», деп суроо салып, сүрөттөр менен бөлүштү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

603