7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Опузалап пара талап кылган эки милиция кызматкерлери кармалды

611

Опузалап пара талап кылган эки милиция кызматкерлери кармалды.Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык,11-майда ИИМдин Ички иликтөө кызматына жаран Б.Э. кайрылган. Анда “Искен” жана “Каниет” аттуу милиция кызматкерлери 2022-жылдын март айынан тартып арыз ээсинин телефонунан жүктөлгөн видеожазууларды таратпоо үчүн он беш миң сом акча талап кылып жатышканын көрсөткөн.
Аталган факты ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
2022-жылдын 3-июнь күнү саат 20:20 чамасында тергөө-ыкчам иш-чараларынын негизинде Свердлов райондук ИИБдин имаратынын жанында талап кылынган сумманы алуу учурунда Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын улук ыкчам өкүлү А.И. жана Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү З.К.З. кармалышкан. Жеке тинтүү учурунда кармалгандардан буюм далилдери табылып, алынган.
Кармалгандар сурак жана башка тергөө аракеттеринен кийин Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги коррупционер, саткын милиция кызматкерлерин аныктоо боюнча чаралары көрүүдө жана ички иштер органдарынын айрым милиция кызматкерлери тарабынан жасалган коррупциялык жана башка мүнөздөгү кылмыштарды аныктоо, ага бөгөт коюу боюнча иштерин улантууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

612