Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) рейтингинде биринчи орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында айтылат. Акматалиев 61 миң 520 упайы менен буга чейин экинчи орунда турган.
Эскерте кетсек, Эрназар Акматалиев Казакстандагы күрөш боюнча Bolat Turlykhanov Cup эл аралык рейтингдик мелдеште алтын медалга жетишкен. Рейтингдик мелдеште Кыргызстандын курамасы жалпы 10 медаль утту.
UWW рейтингинде эркин күрөш боюнча Улукбек Жолдошбеков (61 кг) алтынчы, Алибек Осмонов (70 кг) сегизинчи, Арсалан Будажапов (79 кг) тогузунчу орунда турат.