7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Россия менен Бишкектин ортосунда темир жол каттамы жанданат

486
Бүгүндөн тарта Кыргызстан менен Россиянын ортосунда темир жол каттамы жанданып, поезддер жүрө баштайт.Бул тууралуу»Кыргыз темир жолу» компаниясы билдирди. Маалыматка ылайык , 6-июнда, Бишкектен Казань шаарына поезд кетет.
№305 Бишкек — Шу — Казань багытындагы поезд Бишкектен дүйшөмбү күндөрү саат 14:03тө чыгып, Казанга бейшемби күнү саат 06:43тө жетет.
№306 Казань — Шу — Бишкек багытындагы поезд Казандан бейшемби күнү саат 23:55те чыгат, Бишкекке жекшембиде саат 18:44тө келет. Жолдун жалпы узундугу 3 286 чакырым. Бир тарапты көздөй жолдо жүрүүнүн жалпы убактысы 64 саат 40 мүнөттү түзөт.
8-июнда Бишкек — Самара каттамы жанданат. №17 Бишкек — Самара багытындагы поезд шаршемби жана жума күндөрү Бишкектен саат 09:44тө жөнөп, Самарага жума жана жекшемби күндөрү саат 18:44тө барат.
№18 Самара — Бишкек багытындагы поезд Самарадан ишемби жана дүйшөмбү күндөрү саат 16:11де чыгып, Бишкекке дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү саат 22:59да келет. Жолдун жалпы узундугу 2 685 чакырымды түзөт. Бир тарапты көздөй жолдо жүрүүнүн жалпы убактысы 56 саат 30 мүнөт.
Ал эми Бишкек — Новосибирск каттамы 9-июндан тарта жанданат.
№385 Бишкек — Новосибирск багытындагы поезд саат 00:15те Бишкектен жөнөйт, Новосибирскиге саат 04:58де жетет. Сегиз күндө бир жолу каттайт.
№ 386 Новосибирск — Бишкек багытындагы поезд Новосибирскиден саат 14:30да чыгып, Бишкекке саат 19:20да келет. Жолдун жалпы узундугу 2 340 чакырымды түзөт. Бир тарапты көздөй жолдо жүрүүнүн убактысы 52 саат 43 мүнөт.
Билеттин болжолдуу баалары:

Бишкек — Новосибирск (11 380 сом);

Бишкек — Самара (14 560 сом);

Бишкек — Казань (20 000 сом).

«Кыргыз темир жолу» ишканасы билетти эртерээк алса арзаныраак болорун белгилеген.
Жолдо Казакстанда COVID боюнча тапшырган тест жана оору чыккан жок деген жыйынтык орус жана англис тилдеринде керек болот. Тест тапшырылган маалдан 72 саат өтүп кетпеши керек. Россияда жүргүнчүлөр поездге COVID боюнча тапшырган тест жана оору чыккан жок деген жыйынтыгын көрсөткөн документи же аталган тиркемеси менен киргизилет.
Кыргызстанга кирип жатканда чектөө жок.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

487