Мамлекет башчы Садыр Жапаров июнь окуясынын 12-жылдыгына карата кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Өлкө башчы кыргыз эли башынан оор күндөрдү өткөргөнүн, улуу наркы, каада-салты жана бекем ынтымагынын арты менен сакталып келе жатканын айткан.
«Эгемендикке ээ болгон 30 жыл ичинде тарыхтын оор сыноолорунан кыйгап өтүп кете алган жокпуз. Алардын бири – 2010-жылдагы каргашалуу Июнь окуясы. Эзелтен эле көп улуттун өкүлдөрү байырлаган үч миң жылдан ашуун тарыхы бар байыркы Ош калаабыз менен жаштыктын шаары атанган, жайлуу Жалал-Абад шаарында тышкы күчтөр, ички сепаратисттер – өлкөбүздүн келечегине көрө албастык кылган душмандар бизди бөлүп-жаруу аракеттерин жасашты. Ошол күчтөр мамлекеттин келечегин эмес, өз кызыкчылыгын ойлоп, коомго улуттар аралык кастык мамилени козуткан жалган маалыматтарды таратып, ынтымагыбызга доо кетирип, коюн-колтук алышып жашаган эки элди бөлүп-жарды. Кан төгүлүп, энелер боздоду, аталар сыздады, балдар жетим, аялдар жесир калды. Эң коркунучтуусу Ата Мекендин бүтүндүгүнө доо кетирген коогалаңга туш болдук. Бирок карт тарыхта мындан да оор, мындан да кыйын тагдырларды баштан кечирген элибиз кеменгерлиги, кең пейилдиги, даанышмандыгы, сабырдуулугу менен ортодогу жалындаган өрттү өчүрүп, бүтүндүгүбүздү сактап калды. Тынчтык турмушту калыбына келтирүүнүн жана туруктуу өнүгүү жолуна түшүүнүн уникалдуу үлгүсүн көрсөттү. Элибиздин ушул асыл сапатын, нарк-насилин баалай билишибиз зарыл!Биз ар жылы ошол апаатта кайтыш болгондорду эскеребиз, Жараткандан аларга бейиштен орун берсин деп тилейбиз», деди мамлекет башчы.
Мындан сырткары жардамга кол сунгандарды кыргыз эли эч качан эсинен чыгарбай турганын белгилеген. Оор күндөрдө колдоо көрсөткөн бардык тараптарга, эл аралык коомчулукка, жалпы журтка ыраазычылык сөзүн айткан.
«Ынтымагы бар элдин – ырыскысы мол болот» дейт элибизде, мындан ары кагылыштарды болтурбоо үчүн этносторду бириктирген жалпы идеология, жаштарды толеранттуулукка тарбиялоого багыт болушу керек. Кыргызстаныбыздын кызыл байрагынын астында башыбызды бириктирип, өлкөбүздү алга сүрөшүбүз зарыл!Кыргызстандагы тынчтыкты жана бакубатчылыкты өзүбүздөн башка эч ким камсыз кыла албайт. Жараткан эл-жерибизди колдосун! Жолубузду ачып, ынтымак, берекет берсин!”, деп кайрылуусун жыйынтыктаган.