7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Бишкек-Торугарт” жолунда кырсыка кабылган милиция кызматкери камакка алынды

668

Бишкек-Торугарт автожолунда жол кырсыгына кабылган милиция кызматкери камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин  басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 11-июнь күнү саат 20:30 да Ысык-Ата РИИБнүн нөөмөт бөлүмүнө Ысык-Ата районунун Ак-Кудук айылынын тушунда “Бишкек-Торугарт” автожолунун 12,3 чакырымында “Даймлер Крайслер” үлгүсүндөгү кызматтык автоунаанын айдоочусу батыштан чыгыш тарапты көздөй бара жатып, ошол эле батыштан чыгыш тарапты көздөп бара жаткан жаран И.К. башкаруусундагы “Дэу-Тико” үлгүсүндөгү автоунаасы менен кагышкан деген маалымат келип
түшкөн.

“Дэу-Тико” үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочусунан сырткары жүргүнчү катары 1989-жылы туулган Ш.Т., 2013-жылы туулган С.Б., 2016-жылы туулган А.Б., 2021-жылы туулган Х.Б. жана 2022-жылы туулган Ф,Б, болгон.

Бардыгы медициналык кароодон өтүүдөн баш тартышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө “Даймлер Крайслер” үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочусунун өздүгү аныкталып, ал ИИМдин ЖКККББнын Издөө бөлүмүнүн инспектору милициянын кенже лейтенанты Н. Б. болуп чыккан. Аталган автоунаанын ичинде жүргүнчү катары 1996-жылы туулган Э.к.А. менен Т.к.К. болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде кылмыш иши козголуп, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. ИИМдин ЖКККББнын Издөө бөлүмүнүн инспектору милициянын кенже лейтенанты Н. Б. тергөөгө камсыздалып, учурда Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Материалдын алкагында тийиштүү соттук-экспертизалар дайындалган. Азыркы учурда жогорудагы факты боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен жогорудагы милиция кызматкерине карата юридикалык баа берилип, ИИМдин ЖКККББнын жетекчилигине катуу чаралар
көрүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

669