Бүгүн, 13-июнда өкмөт үйүнүн алдына майыптыгы бар адамдар нааразылык акциясына чыгышты.Алар 30 жылдан бери көйгөй жаратып келген турак-жай маселесин чечип берүүнү талап кылып,президент Садыр Жапаров кабыл алышын суранышты.
Нааразычылык акциясына чогулгандар менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жолукту. Ал азыркы учурда бийлик аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү системалуу түрдө турак жай менен камсыз кылуу милдетин коюп жатканын ,мекемелер аралык комиссия түзүлүп, иш жүрүп жатканын билдирди. Байсалов маселе мыйзамдарда жана саясий эркте гана эмес, каражатка да байланыштуу экенин белгиледи.