Афганистандын жараны өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык,Афганистандан чыккан баңгизаттарды жеткирүү каналын уюштурууга тиешеси бар Афганистандын 1980-жылы туулган жараны кармалган.
Шектүүдөн өзгөчө ири өлчөмдө афган тектүү баңгизаттар табылып алынган. Тактап айтканда, 6 кг 942 гр героин жана 9 кг 550 гр гашиш. Кармалган адам бул баңгизаттарды Россияга, андан ары Европа өлкөлөрүнө ташуу жана сатуу үчүн Кыргызстандын аймагына кирүүнү пландаштырган.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча сотко чейинки териштирүү башталды.
Кармалган адам Баткендин Кадамжай райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, анын өздүгүн тактоодо деструктивдүү диний агымды жактаган адам экендиги аныкталган.Тергөө уланууда.