7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кезектеги дагы бир жашыруун өтмөк табылды

564

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарындагы уйлөрдүн биринен кезектеги жер алдынан өтүүчү өтмөк табылды.Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,УКМК тарабынан аткезчилик иштерин аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте 2022-жылдын 11-июнунда жер алдынан өтүүчү өтмөк табылган.

Жогорудагы дарек боюнча тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда имараттардын биринин кире беришинен жер астындагы туннель табылып, аталган үйдүн ээси М.И.М. аттуу КР жараны экендиги аныкталды.
Тергөөнүн жүрүшүндө М.И.М. 2021-жылдын сентябрь айларында ал 2014-жылдан бери тааныш болгон “Рустам” аттуу адам менен кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Кыргыз Республикасынан Өзбекстан Республикасына эл керектөөчү товарларды жана чет элдик валютаны мыйзамсыз алып өтүү максатында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасын байланыштырган туннелди казуу боюнча иштерди, Кыргыз Республикасынын М.И.М. жана Өзбекстан Республикасынын Рустам аттуу жарандар жүргүзүшкөнү такталды.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө М.И.М. жасаган күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, бул кылмыштын жасалышынын бардык жагдайларын тактоо үчүн тергөө органдары менен толук кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Азыркы учурда бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

565