7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абад облусунун эки тургуну “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун идеологиясынан баш тартты

433

Жалал-Абад облусунун эки тургуну “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун идеологиясынан баш тартты.Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык,УКМК диний-экстремистик жана эл аралык террордук уюмдардын ишмердүүлүгүн алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-аракеттердин алкагында, Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүн жана тарапкерлерин ынандыруу боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.
Көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында Ала-Бука районунун тургуну С.О.Т. жана Аксы районунун тургуну Х.М.М. тандап алган диний багытынын туура эмес экенин түшүнүү менен, экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырышты.
Бул жарандар 1999 жана 2018-жылдардан бери “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик жашыруун топтун активдүү кызматкерлери менен байланышта болушкан.
Азыркы учурда КР УКМК тарабынан “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле аталган диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн арасында алдын алуу иш-чараларды жүргүзүү боюнча ишмердүүлүк улантылууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

434