Кассалык контролдук машина (ККМ) колдонууга каршы болгон ишкерлер өкмөт үйүнүн алдына нааразычылык акциясына чыгышты.Анда соодагерлер «ККМге каршыбыз!»,»Эсеп-фактура жоюлсун!» «Патент калсын!» деген плакаттарды көтөрүп чыгышкан.Болжол менен 300гө чукул адам чогулган.Анда Чүй облусунун аймагындагы соодагерлер жана башкалар келишкен.
Чогулган ишкерлер менен Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жолугушууда.