“Казып жаткан учурда кудуктун ичинде аба жетпей бир адам кулап калган, аны алып чыгам деп экинчиси кудука кирип, аба жетпей ал дагы кулаган. Калгандары дагы кудуктун ичинде аба жетпей калып кетишкен”, — деп айтылат министрликтин маалыматында.
Кырсык катталган жерге Токмок шаарындагы өрттөн куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, ИИМ жана тез жардам кызматы чакыртылып, жабыркаган жана каза болгон адамдарды 18 метр тереңдиктеги кудуктан алып чыгышкан.
Кырсыктын кесепетинен 3 эркек киши каза болгон (1980-ж.т. Х.Т., 1982-ж.т. Х.М., 1987-ж.т. Х.К.) жана 2 эркек киши (1989-ж.т. Х.Н., 1999-ж.т. Х.С.) жабыркаган.
Жабыркаган жарандарды тез жардам кызматкерлери Токмок шаардык ооруканасына алып кетишкен. Ал эми каза болгон жарандардын сөөктөрү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Кудуктун тереңдиги 18 метр, туурасы 1 метр болгон. ӨКМ кызматкерлерине күбөлөр кудук казып жаткан учурда дизелдин жыты болгонун айтып беришкен. Кудуктун жанында күйүүчү май сактаган база жайгашкан.