Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы жарандарды чөнтөкчүлөрдөн сак болууга чакырат. Тиешелүү кызмат айрыкча, коомдук транспортто өтө этият болуу керек экендигин эскертет.
«Капчык, телефон жана башка баалуу буюмдарды башкалардын көңүл чордонунан алыс кармоо керек»,-деп айтылат милициянын кайрылуусунда.
Эскерте кетсек, мыйзамга ылайык жеке менчикти уурдагандар түзөтүү жумуштарына тартылат же 100 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөйт.