Эртең ЖОЖдорго кабыл алуунун V туру аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, абитуриенттер жогорку окуу жайларга тапшыруу сынагына катышуу үчүн 2022-жылдын 17-августу саат 14:00гө чейин V турга өтүнмө бере алышат.
Ар бир турда бир бюджеттик окууга жана бир келишимдик окууга өтүнмө берүүгө болот. Арыздарды бир университетке же эки башка жогорку окуу жайга тапшыруу мүмкүн.
ЖОЖго тапшыруу үчүн “Абитуриент online” автоматташтырылган электрондук системасы аркылуу каттоодон өтүп, https://2020.edu.gov.kg/universities жогорку окуу жайды тандап, өтүнмө берүү зарыл.
Андан кийин бюджеттик жана келишимдик негизде окууга орундардын саны, жылдык окуу акысынын өлчөмү, ЖРТнын жыйынтыгы же предметтик тесттердин зарылдыгы жөнүндө маалымат алууга болот.
Аймактардагы абитуриенттер ЖОЖго тапшыруу сынагына университет жайгашкан жерге барбай туруп, интернет аркылуу катыша алат.